• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абадда Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Аксы окуясында курман болгондор эскерилди, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Боспиек айылындагы Аксы окуяларынын курмандыктарына арналып орнотулган эстелик монументине гүл койду. Андан соң курман болгондорго багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн облус башчысы 19 жыл мурдагы окуя мамлекеттеги адилетсиздик менен кландык башкарууга каршы чыккан аксылыктардын эрдигине токтолду. Тилекке каршы, нааразычылыкка чыккандарга каршы ок атылып, кан төгүү менен коштолгонун, кесепетинен көптөгөн жарандар жабыр тартканын айтты. Алардын эрдигине жыл өткөн сайын тарых өз баасын берип келээрин кошумчалады.

Облус өкүлү иш-чаранын катышуучуларына өлкө башчысынын Аксы окуяларынын 19 жылдыгына карата кайрылуусу жеткирди. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, эл-жерге тынчтык жана өмүр, өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий