• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында сумо күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР сумо күрөшү боюнча ассоциациясы менен биргеликте өспүрүмдөр жана чоңдордун арасында Бишкек шаарынын ачык чемпионатын өткөрүшөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Таразалоо 19 март күнүнө коюлду, мелдеш 2021-жылдын 20 мартында, саат 9:00 Чыгыш-5 кичирайонунда Р. Санатбаев атындагы дене тарбия - ден соолукту чындоо комплексинде өтөт.

Мелдештердин регламентине ылайык 2003-2008-жылы туулган өспүрүмдөргө жана 18 жаштан өткөн чоңдорго ( эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет. Катышууга тиркемелерди Бишкек шаарынын 300дөн ашык спортчулары беришти.

Турнирдин максаты - Кыргыз Республикасында сумо күрөшүн жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана күчтүү балбандарды аныктоо.

Пикир

Оставить комментарий