• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ Борбор Азиядагы эң алдыңкы 5 университеттин бири аталды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. «IAAR Eurasian University Rankings-2021» эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик университети "НААР Евразия көп тармактуу университет сыйлыгы" категориясында мыкты деп табылып, Евразия мейкиндигиндеги мыкты университеттердин ТОП-10дугуна кирди.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, андан сырткары рейтингде Борбор Азиядагы эң алдыңкы 5 университеттин бири аталды. "IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)" Евразиялык билим берүү мейкиндиктери үчүн сапат белгиси болуп саналат.

Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи ушул жылдын октябрь айында Казакстандын Нур-Султан шаарында Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча V Борбор Азия эл аралык форумунун алкагында өтөт.

Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын көз карандысыз рейтинги жогорку окуу жайлар ортосунда билим берүү, илим изилдөөдө сапатты камсыз кылууда жана академиялык коомчулуктун, студенттердин, жумуш берүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жана алардын кадыр-баркын айкын көрсөтүп, билим берүү чөйрөсүн калыптандырып келет.

"IAAR Eurasian University Ranking - 2021" эл аралык рейтингине Россия, Казакстан, Беларусь, Украина, Азербайжан, Молдова жана Кыргызстандын алдыңкы университеттери катышкан.

2019-2024-жылдар аралыгындагы ОшМУнун стратегиялык өнүктүрүү концепциясына жана миссиясына кирген ОшМУнун дүйнөлүк университеттердин ТОП-700нө жана Борбор Азиядагы эң алдыңкы 3 университеттин катарына кирүү боюнча иш аракеттер учурда окуу жайда жигердүүлүк менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий