• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.23./Кабар/. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 4-январда Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары, 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында КР ИИМнин ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч.

Пикир

Оставить комментарий