• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын районунда "Балдардын коопсуздугу" аталышындагы семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктун, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мектеп администрациясы менен биргеликте семинар уюштуруп, иш-чара Нарын районунун Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан район аймагында катталып жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары боюнча кеңири токтолуп, талдоолор жүргүзүлдү.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды болтурбоо, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте ички жана тышкы миграциянын таасирлери тууралуу суроо жооптор жана маектешүүлөр болуп, мигрант жарандардын балдары менен тыгыз иш алып баруу жагы каралды.

Мындан тышкары, калк арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында Нарын РИИБү тарабынан иш-чаралар, жолугушуулар уюштурулуп, тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келинүүдө.

Пикир

Оставить комментарий