• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Жалал-Абад шаарында дээрлик 800 окуучу 11-классты аяктады

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептерде өткөн майрамдык иш-чараларга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, орун басарлары Айбек Жолдошев, Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар катышты.

Мектептердеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышкан жетекчилер бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Ошондой эле бир катар алдыңкы мугалимдерге, окуучуларга Ардак грамоталарды тапшырышты.

Быйыл Жалал-Абад шаарында 797 бүтүрүүчү 11-классты, 2 миң 228 бүтүрүүчү 9-классты аяктап жатат. Алардын арасынан 5 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий