• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Лейлек районунда 2-майда катуу жаандан улам келген селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жумуштары тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда Лейлек районунун унаа жолдору толугу менен тазаланып, жол каттамы калыбына келтирилди. Ал эми Исфана шаарынын элине толугу менен таза суу берилди. Исфана шаары, Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына электр энергиясы берилип, Катраң айылына электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.

Ал эми Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына келчү таза суу системасын оңдоо иштери уланууда.

Табигат кырсыгынан Лейлек районунда 4 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 6 турак үйдүн короо жайларына сел суусу кирген. Азыркы учурда турак жайлар сел суусунан тазаланып бүттү. Мындан тышкары бир бала бакчанын жер төлөөсүнө, короосуна сел кирген.

Селден улам келтирилген жалпы чыгым учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий