• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү аймактагы азык-түлүк баасы жана анын запасы тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда күн сайын азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүктүн баасына көзөмөл Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген баа боюнча жүргүзүлүүдө.

"Февраль айына салыштырмалуу биринчи сортогу ундун баасы 14,2%га, экинчи сорту 11,9%га, нан 8%га, макарон 24%га, кумшекер 17%га, күрүч 17%га, жумуртка өз баасында, өсүмдүк майы 10%га, картошка 152%га, эт 5%га өскөн. Ундун биринчи сорту (1 кг) 33,3 сом, жогорку сорту 43,5 сом, экинчи сорту 25 сом турат. Кумшекер 45 сомго чейин, күрүчтүн орточо баасы 73 сомдон сатылып жатат", - деди ал.

Алымкуловдун айтымында, Нарында биринчи сорттогу ундун 265 тонна запасы бар.

"Картошканын 17 тонна, өсүмдүк майынын 22 тонна, кумшекердин 50,7 тонна, күрүчтүн 25,8 тонна запасы кампаларда сакталып турат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий