• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/.11-мартта Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалды.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий