• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө муфтият тарабынан келген Куран китептери шаар-райондук хатибияттарга таратылып берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бөлүнүп берилген 1 600 даана Ыйык Куран китеби облустук мусулмандар казыятына келип түштү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Куран китептер облус аймагындагы жалпы 200 мечиттин ар бирине 13 даанадан бөлүнүп, баш имам хатибдерге тапшырылды.

“Куран Аллах Тааланын кереметтүү сөзү жана эң акыркы китеби. Аллах Таала башка кээ бир пайгамбарларга китеп түшүргөндөй эле Мухаммадга жана анын үммөтүнө Куранды түшүргөн. Куран бүт адамзатына керек болгон бардык нерсени өз ичине камтыйт. Анда үй-бүлө менен болгон мамиле, жаратылышка, адеп-ахлак, бул дүйнөдөгү адамзаттын максаты жана башка тууралуу кенен орун берилген”,- деди облус казысы Алмазбек ажы.

Пикир

Оставить комментарий