• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас шаарында "Ихсан" кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Талас шаарындагы борбордук мечиттин жергиликтүү жамааты жана шаар жаштарынын колдоосу менен 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылды. Муну менен катар бул күнү Талас шаарында алгачкы ирет "Ихсан" кайрымдуулук дүкөнү ишке берилип, кайрымдуулулук максатында эл топтогон кийим-кечелер муктаждарга таратылып берилди. Бул тууралуу облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.

«Мындан ары аталган дүкөн муктаж болгон жарандар үчүн ар дайым ачык болот. Ал эми кимдин үйүндө ашыкча кийимдер жана турмушта күнүмдүк колдонулуучу техникалык эмеректери бар болсо, аталган кайрымдуулук дүкөнүнө сооп иш катары тапшырса болот»,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий