• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1979-жылы туулган Супатаев Санжарбек аттуу жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал, мурда уурулук, алдамчылык фактылары жана эркинен ажыратылган жерден качып кеткендиги боюнча соттолгон.

Андан сырткары, кармалган жаран мамлекеттик органдардын кызматкери болуп өзүн тааныштыруу менен алдамчылык жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы үчүн шектелүүдө. Ошондой эле, өзүн жогорку кызматты ээлеген адам катары телефон аркылуу тааныштырып жүргөн. Президенттин аппаратында дагы иштейм деп өзүн тааныштырган деген маалыматтар бар. Кармалган жаран 2018-жылдын февраль айында жогорку окуу жайдын биринин ректорунун иш бөлмөсүнө кирип, ушул окуу жайда окуган чет өлкөлүк студентти окууга кайра жайгаштырып, башка факультетке которууну суранган.

КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга кайрылуу менен аталган жарандан жабыр тарткандар болсо же кандайдыр-бир маалымат билсе, төмөнкү номурлар аркылуу байланышып коюңуздарды суранат: 266261, 0708030304.

Пикир

Оставить комментарий