• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЖК депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат.

2021-жылдын 6-декабрында КР БШК А.Таштанбековду КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий