• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. 20-июлдан 26-июлга чейин Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана анын алдындагы бөлүмдөр 20 миң 341 жол эрежелерин бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен:

582 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

176 айдоочу мас абалында рулду башкарган;

Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 520 айдоочуга айып пул салынган;

Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 82 айдоочу кармалган;

Унаасын ашыкча жогорку ылдамдыкта айдаган 2899 айдоочу кармалган;

Унааны башкарууга укугу жок 15 айдоочу кармалган.

Андан сырткары 699 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий