• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй милициясы: ПЧР-тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Чүй облусунда ПЧР-тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августта интернет желелерине Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЧР-тесттин жыйынтыктарын жасалгалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан.

Аталган материал милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси (“Документтердин жасалмасы”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуу жарандар болушкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Алдын ала териштирүү учурунда шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн. Ал эми экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЧР-тесттин жыйынтыгын даярдап келген. Кардар таап жүргөн шектүү 1 миң 300 сом алса, калган акчаны экинчи шектүү алып жүргөнү маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий