• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таластын Казакстан менен чектешкен жеринде эки күндөн бери куураган чөп өрттөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда эки күндөн бери куураган чөптөр өрттөнүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлда Покровка айылынын Казакстан менен чектешкен жеринде куураган чөптөр өрттөнө баштаган. Өрт 4-августта саат 15:40та өчүрүлгөн.

"5-августта Казакстан тараптагы өрт биздин аймакка өтүп кеткен. Натыйжада өрттү азыркыга чейин өчүрүп бүтүшө элек. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 2 миң гектар куураган чөп жана бадал күйүп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Өрт чыкккан жерде 55 куткаруучу жана өрт өчүрүү кызматкерлери иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий