• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде милициянын аймактык заманбап пункту курулду

Аймак 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык пункту курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имаратка 4 сотых жер ажыратылып, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

"Милиция пункту Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ммараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөнгөн компьютерге туташтырылган.

Милициянын аймактык пункту жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий