• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«МЭА» ААК төрагасы Кыргызстандагы авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. 9-10-август күндөрү «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алып барган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага МЭА» ААКнын өнөктөштөрү – ата мекендик жана чет өлкөлүк «Авиа Траффик Компани», «Тез Джет», «Эйр Манас», «Аэро Номад Эйрлайнс», «Авиакомпания «АэроСтан», «Моалем Эвиейшн», «Авиакомпания «САПСАН», «Авиакомпания «Хунну Эйр», «Северный Ветер», «Аэрофлот», «Турецкие авиалинии Инк», «Узбекские авиалинии», «Авиакомпания «Сибирь», «Эйр Астана», «Авиакомпания «Уральские авиалинии», Air Arabia, «Silk Way Airlines»/ «Silk Way West Airlines», Jazeera Airways K.S.C.P., China Southern Airlines, Fly Dubai, Pegasus Airlines, S7 Airlines, Nordwind авиакомпанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу учурунда өндүрүштүк жана коммерциялык суролорго көңүл бурулуп, кызматташтыкты кеңейтүү пландары талкууланды.

Манасбек Самидиновдун айтымында, аэропорттор менен авиаташуучулардын бирдиктүү иш алып баруусунан учуулардын коопсуздугу, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн убагында жеткирилиши жана жалпы авиациялык тармактын өнүгүүсү көз каранды.

«МЭА» ААКнын башчысы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алып барган авиакомпаниялар менен жолугушуулар мындан ары үзгүлтүксүз негизде улана берерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий