• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде 9,8 миң үй электр жарыгына туташтырылды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган 9 миң 831 үй электр жарыгына кошулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги брифингде президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу. Айрым чек арага жакын жана куралдуу кагылышуу болгон аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

“Негизинен Энергетика министрлигинен келген топтор айылдардагы жабыркаган электр чубалгыларын оңдоо боюнча кызуу иштеп жатышат. Азыркы учурда 9 миң 831 үй электр жарыгына туташтырылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий