• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ноокенде 26 жаштагы аскер кызматкери Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Ноокен районуна караштуу Жаңы-Арык айылында аскер кызматкери Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү жерге берилди.

Ал 16-сентябрда Лейлек районундагы "Кулуңду" чек ара заставасында куралдуу кагылыштын жүрүшүндө мерт кеткен.

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда кызмат өтөп, кийин КР УКМКнын Чек ара кызматына которулган.

Бекмырза Шарабидин уулу 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырда да чек араны коргогон.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты Бекмырза Шарабидин уулунун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий