• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде карантинге алынган 8 кишинин анализинен коронавирус табылган жок

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган, карантинге алынган 8 кишинин анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, 19 блокпосттор коюлган.

Пикир

Оставить комментарий