• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан белек кылган 20 тез жардам унаасы Ошко алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү белек кылган 20 тез жардам унаасы Ош шаарына алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев тосуп алып, өзбек тарабына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тез жардам унаалары жакында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругуна ылайык, саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлөт.

Аталган жардамды көрсөтүү маселеси президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий