• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары. Маанилүү жолугушуулар өткөрүлдү

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Өзбекстанда болуп келди. Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жемиштүү жолугушуудан кийин Жапаров бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү.

undefined

Алсак, президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө абдан кызыкдар экенин билдирди. Кыргыз тараптын 2019-жылы эле пландалып, бирок бир катар объективдүү себептерден улам кийинкиге жылдырылган Танзила Нарбаеванын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөнүн олуттуу факторлорунун бири катары маданий диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Саясат таануучу Дмитрий Кисуриндин айтымында, президеттин мамлекеттик сапары Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ.

“Россия жана Казакстанга болгон сапарлардан кийин Өзбекстандын жогорку жетекчилери менен маанилүү жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Өзбекстан Борбор Азия чөлкөмүндө өзгөчө мааниге ээ болгондуктан бул өлкө менен тыгыз жана жемиштүү кызматташуудан көп нерсе көз каранды. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика жаатында, ошондой эле жеңил жана оор өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлору бар. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстан тездик менен өнүгө баштаганын моюнга алуу керек. Бул өлкө эл аралык аренада саясий, бизнес жаатында активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Кыргызстан үчүн Өзбекстан ишенимдүү өнөктөшкө айланышы керек”, - деди саясат таануучу.

Садыр Жапаров достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери келечекте да бул чөлкөмдүн туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылаарын бекем ишеним менен билдирди.

Өз кезегинде Танзила Нарбаева президент Садыр Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын белгиледи. Ал өлкө парламенти, анын ичинде Жогорку палата Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга, ошондой эле парламенттер аралык жана аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө ар тараптан көмөктөшөрүнө ишендирип өттү.

Анын айтымында, мындан сырткары эки өлкөнүн мыйзамдарын гармонизациялоо үчүн парламенттер ортосунда маалыматтык-аналитикалык багыт боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Танзила Нарбаева кызматташууну жандандыруу жана бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү эки мамлекеттин элинин бакубаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деп үмүт артты.

undefined

Андан кийин өлкө башчы Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.

Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын эли эзелтен бери ийиндеш жашап, өнүгүп-өсүп келгенин, эки элдин ынак коңшулук жана өз ара сый мамилелери бүгүнкү күндө дагы ар тараптуу кызматташуунун бекем пайдубалы катары кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

Ал Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артты.

Саясат таануучу Алан Богосян Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү өтө маанилүү экендигине токтолду.

“Анын үстүнө, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Коңшу өлкөнүн тажрыйбасын алууга болот. Ошондой эле парламентарийлердин ортосундагы мамилелердин векторун жаңы деңгээлге чыгарууга болот. Дал ушул Жапаровдун мамлекеттик сапары эки мамлекеттин парламентарийлерин кыйла жигердүү жолугушууга, тажрыйба алмашууга жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү бере алат”, - деп айтат Богосян.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор потенциалы толук ачылбай жатканына токтолуп, андан улам кыргыз тараптын эки мамлекеттин рынокторунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Президент бул процесске мыйзам алкагында жагымдуу шарттарды түзүүгө Өзбекстан парламенти өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

“Экономикалык, соода жана ишкердик маселелерине артыкчылык берүү керек. Бүткүл дүйнө коомчулугу башынан өткөрүп жаткан кризистик учурда ар кандай деңгээлдеги кызматташтыкта ​​жаңы байланыш түйүндөрүн издөө маанилүү. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ишкердик байланыштын келечеги бар. Акыркы жылдары Кыргызстандын бизнес коомчулугу мурдагыга караганда башка деңгээлге өтө баштады, ошондуктан бизнес кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек экендигин баса белгилегим келет”, - деди Кисурин.

Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоилов Кыргызстандын президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап жатканына кубанычта экенин билдирди. Ал Садыр Жапаровду өз өлкөсүнүн чыныгы атуулу жана күчтүү саясий эрки бар адам катары тааный тургандыгын кошумчалады. Нурдинжон Исмоилов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы эки мамлекет башчысынын чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Ал Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен парламенттер аралык байланыштарды жигердүү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканына токтолду. Нурдинжон Исмоилов Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

undefined

Мындан сырткары, мамлекет башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий-эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

“Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарды Кыргыз мамлекетинин лидери үчүн ийгиликтүү болду десек болот. Ал абдан жагымдуу таасир калтырды. Мамлекеттик сапар Садыр Жапаров үчүн мындай биринчи жолу болгонун жана ал көрүнүктүү, энергиялуу саясатчы катары өзүн мыкты жагынан көрсөткөндүгүн унутпашыбыз керек. Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин мындан аркы өсүшүнүн жаңы таянычы болуп калаары шексиз”, - деди Кисурин.

Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек. Президент дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.

Анын белгилешинче, акыркы мезгилде өлкөлөр эки тараптуу соода жүгүртүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар аракеттерди жасашты. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу башталды. Мамлекет башчы бул чаралар тараптардын соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкчылыгын тастыктай тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтыкка негизделген ынак коңшулук мамилелерге токтолду. Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы түрткү берген, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдеген маанилүү жана үзүрлүү жолугушууларын билдирди.

Абдулла Арипов мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда, Кыргызстан Өкмөтү менен тыгыз кызматташууда жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга толук даяр экенин айтып, өзбек тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын өткөрүүгө Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда бара аларын кошумчалады.

Бул Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя. Эң башкысы президент Садыр Жапаров эл аралык аренада жаңы мамилелерди түзүүдө. Азыр бул чоң ролду ойнойт. Алдыда бардык жетишилген келишимдердин аткарылышына кандайча жетишүүгө болот деген тапшырма турат. Буга Кыргызстан менен байланышкан бардык тараптар кызыкдар.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий