• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул ГЭСинин экинчи өмүрү

Аналитика 0

Кыргызстандын ѳкмөтү эң эле амбициялуу долбоорлордун бири – Токтогул ГЭСин реконструкциялоого киришти.

1970-жылдардын орто ченинен тарта өлкөбүздүн жылдан жылга өсүп жаткан муктаждыгын канаттандыруу үчүн бирде кургакчыл, бирде толуп ташкан жылдарды баштан кечирип, тынымсыз иштеп жаткан өлкөбүздөгү эң кубаттуу Токтогул гидроэнергетикалык станциясы Ысык-Көл сыяктуу Кыргызстандын дагы бир сыймыгы болуп саналат.

Токтогул ГЭСи негизги электр кубатын өндүрүүчү болгондуктан акыркы жылдар аралыгында бир нече ирет авариялардын кайталанышы өкмөткө ГЭСти тез арада модернизациялоо боюнча чечим кабыл алуу милдетин такты. Болбосо, далай кыйынчылыктар менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкен өлкөбүздө кайрадан энергетикалык көйгөй жаралмак.

Аны чечүүнүн жолу модернизациялоодо экендигин түшүнгөн өкмөт донор таап, келишимдер түзүлүп, акыр аягы быйыл Токтогул ГЭСин масштабдуу реконструкциялоо жумуштарын баштады, ал ишке май айында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков старт берди.

Реконструкциялоо жумуштарынын башталышы менен таанышуу учурунда премьер-министр Токтогул ГЭСи Кыргызстан үчүн ата мекендик энергетика тармагынын стратегиялык өзгөчө маанилүү флагманы болуп саналарын жана станцияны өркүндөтүү энергетикалык туруктуулукту жана өлкөбүздүн энергетикалык көзкарандысыздыгын чыңдаарын белгилеп:

- Ѳлкөдө энергоструктураны өркүндөтүү жана жаңысын куруу боюнча комплекстүү жумуштар жүргузулүүдө. ”Датка-Кемин” ири долбоорун ишке киргизүүнүн натыйжасында өлкөбүздү электр кубаты менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жана энергетикалык көзкарандысыздык камсыздалды. Ушул тапта бир катар башка ири долбоорлорду, алардын ичинде Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбар-Ата ГЭСин куруу, CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруу пландалууда, - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Токтогул ГЭСин реконструкциялоодон тышкары, быйыл С.Жээнбековдун өкмөтү Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча Евразиялык өнүктүрүү банкы менен макулдашууга кол койду, Европалык рекрнстукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен”Ошэлектрону” реабилитациялоо макулдашылды, ошондой эле Бишкек ЖЭБны өркүндөтүү жумуштары аяктап жатат. Жылуулук станциясынын кубаты 300 МВтны түзөт.

Кыргызстан үчүн электроэнергетика өлкөнү өнүктүрүүчү маанилүү ресурстардын жана стимулдардын бири экендигин, анын күрөө тамыры жана келечеги деген ѳкмөт башчысы С.Жээнбеков: Энергетикалык тармак экономиканы өнүктүрүүдө жана жалпы өлкөбүздүн жашоосунда орчундуу ролду ойнойт. Мамлекетибиздин жашоосу жана ишмердиги энергетикага түздөн-түз көз каранды. Өлкөбүздүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында артыкчылыктуу башкы багыттардын бири катары каралган”, - деп баса белгиледи.

Премьедин-министрдин сөзундө калет жок. Азыр ар бирибиз күнүмдүк жашообузду жарыксыз, кондиционерсиз, телевизорсуз, тиричиликтегижана башка зарылыңгайлуулуктарсыз элестете албайбыз.Кыргызстанда бүтүндөй электркубаты Токтогул ГЭСинде өндүрүлөт, 1200 МВт кубаттуулук электрди экспорттоого да мүмкүндүк берет.

Арийне мезгил эч кимди аябайт. Станциянын келечекте да ишенимдүү иштөөсү үчүн жарыл чаралар керек эле. Реконструкциялоо процесси үч фазага бөлүндү. Бул максатка жеңилдетилген кредиттер жана гранттар түрүндөгүкаражаттарды Азиялык өнүктүрүү банкы менен Евразиялык өнүктүрүү банкы берди. Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 415 млн. долларды түздү, анын 25 миллиону Кыргызстандын үлүшү болуп саналат, бирок ал үлүш үчүнчү фазадагы реконструкциялоонун жыйынтыктоочу стадиясында гана жумшалат.

“Электр станциялары” ААКнын маалыматы боюнча Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын апрелинде башталган. Биринчи фазанын жүрүшүндө эскилиги жеткен негизги элетрэнергетикалык жабдуулар: 500 кВлык кабелдик линиялар; 500 кВлык кубаттык трансформаторлор, генератордук өчүргүчтөр, ички муктаждыкка керектүү трансформаторлор жана 0,4-0,6 кВлык бөлүштүргүчтөр алмаштырылат. Жумуштардын тең жарымы ушул жай соңунда аяктайт, төрт блоктук трансформаторлорду кезеги менен орнотуу 2018-жылы жыйынтыкталат.

Экинчи фазадагы жумуштар июнь айында башталды. Жумуштардын планы боюнча Токтогул ГЭСинин бардык затворлор оңдолот жана эки гидроагрегат алмаштырылат. Бул фазадагы жумуштардын алкагында Токтогул ГЭСинин 3 жана 2-энергоблокторундагы электромеханикалык жабдуулар толугу менен алмаштырылып, пайдаланууга берилерин, ушундай эле жумуштар Токтогул ГЭСинин калган эки блогунда 2018-жылы аткарыларын убада кылууда.

Токтогулда биринчи жана экинчи фазадагы жумуштарды жүргүзүү менен бир убакта эле ГЭСтин эки агрегатын алмаштыруу каралган долбоордун үчүнчү этабын баштоого даярдыктар көрүлүүдө. Энергетиктердин божомолунда долбоор толугу менен 2023-жылы аяктайт.

Ушундай масштабдуу реконструкциялык жумуштар жүрүп жаткандыгына карабастан, Токтогул ГЭСи эч бир үзгүлтүксүз иштеп, өлкөнүн электр кубатына болгон муктаждыгын толук камсыздоодо.

Күздө жана кышта да электр кубатынын тартыштыгы болбойт: Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүндө суу жетиштүү – 18 млрд. кубометр суу топтолору күтүлүүдө, бул ГЭСтин нормалдуу иштешин камсыз кылат.

Жалпылап айтканда өкмөттүн көрүп жаткан колдоо чараларынын натыйжасында, учурда Токтогул толук кандуу иштөөсүн улантууда, ал турсун электр кубатын экспорттоодо. Сезондук жайкы керектөөлөрдүн өсүүсү Токтогул ГЭСинин ишине таасирин тийгизе алган жок, энергоалкакча Кыргызстан боюнча керектөөнүн туу чокуларын турукташтырууда. Токтогул ГЭСи үчүн азыркы жагдайы чек эмес, реконструкциялоодон кийин анын кубаттуулугу кошумча 240 МВтка жогорулайт, жалпы иштөө мөөнөтү 35-40 жылга көбөйөт. Ошондуктан, бизден кийинки муун, ошондой эле биз дагы Кыргызстандын бул символу менен мурдагыдай эле сыймыктана беребиз.

МАБ "Кабар"

Пикир

Оставить комментарий