• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 11-16.05.2020

Аналитика 0

Бул аптада экономикалык жаңылыктар көп болду. 11-май күнү, өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, бир катар ишкана-мекемелер ишин жандандыра баштады. Өкмөт донорлордон өлкөгө канча каражат келгени тууралуу маалымат берди.

Антикризистик чаралардын үчүнчү пакети. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду үчүнчү антикризистик планын иштеп чыкты.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун үчүнчү антикризистик планы:

1. Айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыялык өнүм иштелип чыкты

Алар төмөнкү багыттарды камтыйт:

- сүт азыктарын өнүктүрүү багыты;

- эт азыктарын өнүктүрүү багыты;

- аквакультураны өнүктүрүү багыты.

2. Каржылоонун минималдуу босогосу 100 миң долларга түшүрүлдү

Өлкөнүн алыскы аймактарында ишкерлерди колдоо, ошондой эле Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын Талас, Баткен жана Нарын облустарында жеткиликтүү кылуу максатында насыялоонун минималдуу босогосу 200 миң доллардан 100 миң долларга түшүрүлдү.

3. Ишмердүүлүгү COVID-9 менен күрөшүүгө багытталган ишканаларага жеңилдетилген насыя берилет

Өлкөдө коронавирустук инфекция күч алгандыгына байланыштуу, фонд ишмердүүлүгү COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган ишканаларга жеңилдетилген насыя берүү үчүн атайын насыя өнүмүн иштеп чыкты. Жеке коргонуу, гигиена каражаттарын, медициналык шайман жана жабдыктарды чыгарган ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат.

Бизнес менен президенттин жолугушуусу. Бул аптада өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен президенттин жолугушуусу болду. Жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү тарабынан учурда түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кызыктырган актуалдуу маселелер жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылган.

Президент өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун катыштырууну сунуш кылган.

Текшерүүгө мораторий. Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштоодо.

"Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана бизнес чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика министрлиги тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 "Ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн аппаратынын кароосуна сунушталды. Ага ылайык, ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган", - деп билдирет Экономика министрлиги.

Министрликтен белгилешкендей, өкмөттүн аталган токтомунун 1-пунктунда айтылгандай, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.

"Кепилдик фондунун" активдери. Быйыл 4 айда "Кепилдик фондунун" активдери 102%га өсүп, 1 млрд 225 млн сомду түздү. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров билдирди.

Абакировдун айтымында, быйыл 4 ай ичинде 204 млн сомго 600 кепилдик берилди.

"Кепилдиктин саны былтыркы жылга караганда 400%дан ашты. Бирок сумма жагынан ал 91%ды түзөт. Ал коронавирустун тийгизген таасири менен байланыштуу. Ошентсе да биздин ишмердик кирешелүү болуп саналат. Биз 20 млн таза киреше таптык. Ал былтыркыга караганда 186%га көп. Өнөктөш банктар биздин кепилдигибиз боюнча 1 млрд 100 млн сомдон ашык насыя беришти", - деди ал.

Ал белгилегендей, фонддун капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү каралууда.

"Статистиканы алып көрсөк, биздин ишкерлердин 40-50%ында кепилдикке муктаждык бар. Ишкерлерге кепилдик берүү үчүн бизге кошумча капитал керек. Улуттук банк биздин акционерлердин бири болот. Ал капиталды 1 млрд сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алды", - деди ал.

ИДП. 2020-жылдын январь-апрель айында Кыргызстандын ички дүң продуктысы (ИДП) алдын ала эсеп боюнча өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөндөп, 148,6 млрд сомду түздү.

Улуттук мтатистика комитетинен билдиришкендей, "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү былтыркы жылдын январь-апрель айына караганда 4,6 пайызга төмөндөп, 128,7 млрд сом болгон.

"ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө байланыштуу болду", - деп айтылат маалыматта.

Газдын баасын төмөндөтүү. КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Россиянын энергетика министри Александр Новакка жаратылыш газын сатуу баасын төмөндөтүү тууралуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"АКШ долларынын курсунун мындан ары жогорулашы, андан улам жаратылыш газынын тарифтеринин көтөрүлүшү керектөөчүлөрдүн газ колдонуудан баш тартышына алып келиши мүмкүн экенин эске алып 23-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Россия энергетика министри Александр Новакка даректелген кат жөнөткөн. Катта Мамкомитет жаратылыш газын сатуу баасын 150 доллардан төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган. Жоопту күтүп жатабыз", - деди ал.

Күйүүчү май. Быйыл январь-март айларында Россиядан Кыргызстанга 156 миң тонна бензин, 176 миң тонна дизель майы алынып келген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, 2019-жылы ноябрь айында Москва шаарында Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2020-жылга карата мунай жана мунайзаттарынын индикативдик балансына кол коюлган. Ага ылайык мунайды 50 миң тонна, бензинди 460 миң тонна, дизель майын 485 миң тонна жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунду 100 миң тонна көлөмүндө сатып алуу каралган.

"Быйыл январь-март айларында бензин 156 миң тонна, дизель 176 миң тонна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун 20 миң тонна көлөмүндө алынып келген. Зарыл болгон учурда Россия тарап менен бирге 2020-жылдын август айына чейин индикативдик баланска өзгөртүүлөр киргизилет", - деди ал.

Социалдык төлөмдөр. Бул аптада вице-премьер-министр Эркин Асрандиев айлык маяналар, пенсия жана жөлөкпулдар толугу менен жана өз убагында төлөнөрүн билдирди.

Ал белгилегендей, Экономика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, жыл аягына чейин өлкө ИДПсы мурдагы жылга караганда 5,3%га төмөндөй турганы болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү -30 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Ага байланыштуу мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү кайра каралган.

"Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 10 млрд сомдон ашык каражатка кыскартылды. Ошол эле учурда бюджеттин корголгон беренелери – бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары, пенсиялар, жөлөкпулдар, Социалдык фондго чегерүүлөр толук түрдө сакталды. Бүгүнкү күнгө чейин корголгон беренелер боюнча милдеттенмелер толук кандуу жана өз убагында аткарылууда жана алдыда өкмөт ал милдеттенмелерди план боюнча аткарат", - деди ал.

Донорлордон келген акчалар кайда жумшалды? Кыргызстанга донорлордон 243 млн доллар жардам келген.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, сырттан келген 243 млн доллардын 120 млн доллары Эл аралык валюта фондунан март айынын аягында келген.

"Сомго айландырганда ал 10,5 млрд сомду түздү. Ал каражаттар жумшалган айрым беренелерди айта кетейин, биринчи кезекте алар корголгон беренелер боюнча, маселен, 4 млрд сом айлык маянаны төлөөгө, 1,8 млрд сом Социалдык фондго, 1,2 млрд сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, дээрлик 1 млрд сом жөлөкпулдарга жумшалган", - деди ал.

Ошондой эле 13-май күнү Эл аралык валюта фондунан экинчи транш катары 120 млн долларга жакын каражат келген.

"Ал каражат азырынча колдонула элек. Андан тышкары, ар түрдүү булактардан коронавирус менен күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жана гуманитардык жардам катары 1,8 млн доллларлык жардам келген . Алар ар кандай медициналык каражаттар, азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам, тест-системалар ж.б.", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий