• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: Кыргызстан жана ШКУ - артыкчылыктуу кызматташтык

Аналитика 0

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өзүнүн стратегиялык позициясын бекемдеп, дүйнөдөгү алдыңкы уюмдардын бири катары кабылданууда. Аталган уюмдун келечеги артыкчылыктуу жана бекем деп эсептелет.

XXI кылым эл аралык мамилелер жаатындагы кардиналдык өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк көйгөйлөрдүн таасири күчөп, Борбор Азияда коопсуздукту сактоо, жалпы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн, коркунучтардын болушу жана тышкы таасирлерге ийгиликтүү жооп кайтаруу үчүн саясатты координациялоонун зарылдыгы Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанды 1996-жылы “Шанхай бешилигин” түзүүгө түрткөн. Кийинчерээк анын аты "Шанхай форумуна” өзгөргөн. 2001-жылы Өзбекстан ага кошулуп, Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөн.

Эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Павел Дементьевдин айтымында, ШКУда ишеним принциптерине негизделген мамлекеттердин көзкарандысыздыгынын жана бүтүндүгүнүн кепилдиги жөнүндө келишим түзүлгөн.

“Алгачкы этапта уюмдун бардык күчтөрү бир саясий максатка - аймактардагы коопсуздукка жетүүгө аракет көрүлгөн. Убакыттын өтүшү менен экономикалык кызматташтыктын муктаждыгы жаралган. Бүгүнкү күндө саясий мүнөздөгү маселелерде, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө дагы жаңы артыкчылыктар аныкталды", - дейт эксперт.

Кыргызстандын ШКУнун жыйынына катышуусу артыкчылыктуу багыт. Аткени өлкө үчүн ШКУ саясий, экономикалык, коомдук-социалдык, гуманитардык жана маданий сыяктуу көптөгөн векторлордо өнүгүү үчүн мыкты аянтча катары каралат.

Күн мурун президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Жыйында Садыр Жапаров: “Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, — деп белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз сөзүндө россия тараптын коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан, ШКУдагы төрагалыгы алкагында чоң-чоң иштерди жасагандыгын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына коомчулуктун нааразычылыктарына байланыштуу болуп өткөн окуяларга учкай токтолду. Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү, аракеттеги мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен болгондугун жана учурда Кыргызстанда кырдаал туруктуу — бийликтин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми аткаруу бийлик органдары бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин улантып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттерге өлкө үчүн, эл үчүн кыйын болуп жаткан ошол күндөрдө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал президенттин милдетин аткаруучу катары коомчулуктагы туруктуулукту бекемдөө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүү, Кыргызстандын аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

“Жаңы кызматта Садыр Жапаровдун ШКУнун жыйынына катышуусу Кыргызстандын башчысы бар экендигин көрсөттү. Ушундай жогорку форматта өткөн бул жолугушууга өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр кылдат даярдангандыгын моюнга алуу керек. Жапаров эл аралык аренада жана өлкө ичинде дагы Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Биринчи кезекте каралышы керек болгон актуалдуу темалар көтөрүлдү. Тактап айтканда, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү милдети чечиле электиги. Жалпысынан, саясий лидер катары Садыр Жапаров өзүнүн жеке имиджине оң таасир калтыра алды. Биринчи эл аралык жолугушуу жүзөгө ашты, бул дүйнөлүк деңгээлдеги байланыштар кеңири жана жемиштүү болот дегенди билдирет”, - дейт россиялык саясат таануучу Дмитрий Кисурин.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерин жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толугу менен аткарарын баса белгиледи. Мындан сырткары, президенттин милдетин аткаруучу пандемия ШКУ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун — глобалдуу коркунуч менен күрөшүүдө Уюмга мүчө-мамлекеттер бири-бирин колдоосун жана тилектештигин көрсөткөнүн белгиледи. Ошону менен бирге Садыр Жапаров мүчө-мамлекеттерге пандемия күчөп турган учурда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Россия жетекчилигине жана Владимир Путинге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга өз мезгилинде жана ырааттуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз Республикасы евразия интеграциясы маселелери боюнча Россия Федерациясынын ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүүгө багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем. Кытай Эл Республикасынын коронавируска каршы күрөшүүдө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө гуманитардык, техникалык жана медициналык жардам көрсөтүп, зор салым кошконун белгилеп кетким келет. Биз Кытайга инфекцияга каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу дагы көрсөткөн олуттуу жардамы үчүн ыраазыбыз. Ошондой эле, ШКУга мүчө- мамлекеттердин жана байкоочулардын — Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Ирандын жетекчилигине бизге көрсөткөн гуманитардык жана медициналык жардамдары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз”, — деп белгиледи ал.

Президенттин м. а. пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу жана ШКУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу азыркы учурда маанилүү милдет катары каралып жаткандыгын, буга байланыштуу соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөгө, аны менен катар ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

“Пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу келечекте биздин аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну иш жүзүнө ашыруу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейбиз. Экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондусун түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун бардык негизги багыттары боюнча кызматташуу үчүн олуттуу укуктук-ченемдик база түзүлгөндүгүн белгилеп кетким келет, бирок ошого карабастан, айрыкча соода-экономикалык тармакта алгылыктуу натыйжалар азырынча көп эмес. Бул көрүнүш финансылык негиз түзүүнүн максатка ылайыктуу болуп жатканын алдын-ала аныктап турат”, - дейт Жапаров.

Кыргызстан менен ШКУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүсү өлкөнүн бекемдөөсү үчүн чечүүчү мааниге ээ болот деген ишеним бар. Кыргызстан өзүн Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири катары гана жарыялабастан, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн көптөгөн тармактарында өз демилгесин көрсөтүшү керек.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий