• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө куткаруучулар кар күрткүгө тыгылып калган унааны чыгарууга жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Жети-Өгүздө куткаруучулар кар күрткүгө тыгылып калган унааны чыгарууга жардам берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Ырдык айылында Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, кар күрткүгө тыгылып калган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, унаанын кар күрткүдөн чыгарып берген.

Унаанын ичиндеги 4 жаран жабыркабагандыгы, бирок үшүп калганы аныкталып, шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий