• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 144 үй-бүлө көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. 2023-жылы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу блустук Жарандык коргонуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга өкүлүктүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Абдулнасир Закиров, тийиштүү кызматтар жана онлайн түрдө район-шаар жетекчилери катышты.

Жыйында Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 2023-жылы аткарган жумуштарынын жыйынтыктары айтылып, 2024-жылы аткарылуучу иш аракеттери талкууланды. Мында өткөн жылы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөнү белгиленди. Ага катар сел, суу ташкындарынын алдын алуу, жээк бекемдөө жумуштары алып барылган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси облустагы өзгөчө кырдаплдар башкармалыгынын аткарган жумуштарын белгилеп, 2024-жылы да кызматтын аткаруучу жумуштарын өз убагында жүргүзүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо, көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 1067 үй-бүлөнү көчүрүү иштерин жандантуу зарылдыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий