• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22./Кабар/. Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Маалыматка ылайык, тактап айтканда Кызыл-Капчыгай, Мукур, Кашка-Суу, Райкомол айылында жана Кербен шаарында 5 спорт залдын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндѳрү пайдаланууга берүү алдында турат.

Ошондой эле Ак-Жол, Жаны-Жол, Кашка-Суу айылдарында 4 кичи футбол аянтчалары дагы курулууда.

Белгиленгендей, спорттук имараттарды куруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий