• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ислам шериктештиги оюндары. Кыргызстандын капчыгында алгачкы медаль

Спорт 0

Бишкек, 10.08.22./Кабар/. Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинин басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.

Алмаз Сманбеков финалдык беттеште Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.

Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.

Белгилей кетсек, Ислам оюндарындагы ушул күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат жана бул Кыргызстандын алгачкы медалы.

Пикир

Оставить комментарий