• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0


Бишкек, 02.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 25-26-ноябрда өлкөнүн дзюдо боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси Абай Молдокан билдирди.

Турнирде эркектер (60 кг, 66 кг чейин, 73 кг чейин, 81 кг чейин, 90, 100 кг чейин жана 100 кг жогорку салмак категориясындагы) жана аялдар женщин (48 кг чейин, 52 кг, 57 кг чейин, 63 кг чейин, 70 кг чейин, 78 кг чейин жана 78 кг жогору салмактагы) арасында медалдар ойнотулат.

“Медалдар үчүн Кыргызстанды келечекте эл аралык майданга алып чыга турган өлкөнүн күчтүү спортчулары күрөшөт”, -деп белгиледи Молдокан.

Чемпионаттын оюндары Арча-Бешик конушундагы “Газпром” дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплексинде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий