• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоодо

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жаӊы окуу жылынын башталышына карата бүгүн, 15-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагындагы орто мектептерде Билим күнү белгиленүүдө. Бул иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен биргеликте, мектеп окуучуларынын мектепке келген учурда унаа жолдордон коопсуз өткөрүп, Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмү кызмат алып барышты.

Аны менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл бурулуп, алардын катышуусундагы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу үчүн унаа жолдордун боюнда жайгашкан мектептердин алдындагы жөө өткөөлдөргө окуучулардын элесин чагылдырган маникендер жасалып, шаарыбыздын орто мектептерине тапшырылды.

Жаӊы окуу жылынын башталышы менен жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында, шаар мектептеринде сабактарды, аӊгемелешүүлөрдү өткөрүү үчүн 2021 жылдын 15-сентябрынан баштап 15-октябрына чейин бир айлык “Салам мектеп!” рейдтик иш-чарасы өткөрүлмөкчү.

Ошол эле учурда КР президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин кызматкерлери менен биргеликте алгачкы класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүүдө жана балдарын алгачкы класска жетелеп келген ата-энелерге окуучулардын коопсуздугу үчүн үйгө барып келүүчү коопсуз маршруттарын, коопсуз жөө жүрүүчү жолдорду үйрөтүү керектигин жеткирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий