• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда экстремизмдин алдын алуу багытында конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Чаткал РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен район аймагындагы ар түрдүү кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул жыйынга райондук администрация, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук мекеме, уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Чаткал районундагы мектеп окуучуларына атайын түшүндүү иштери жүргүзүлүп, «Биз адам сатууга каршыбыз» аталышындагы сабактар уюштурулду. Экстремизм, терроризмдин алдын алуу багытында жаштарга маалыматтар берилип, туура эмес диний агымдардан алыс болуу керектиги эскертилди. Ошону менен катар милиция кызматкерлери жаштарды мекенчилдикке, мыкты билим алууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий