• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер: Аэропортто иштеген медик жана чиновниктердин милдети - коронавирустун киришин алдын алуу

Өкмөт 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү процесси менен жеке таанышуу максатында «Манас» эл аралык аэропортуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Аэропортто иштеген медицина кызматкерлеринин жана чиновниктердин милдети - өлкөгө коронавирустун киришинин жана жайылышынын алдын алуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө бизде вирус катталган жок. Ошого карабастан биз сак болуп, жерибизге келген ар бир адамды текшерүүгө тийишпиз. Ал тургай, дене табынын жогору болушун гана эмес, тигил же бул жүргүнчү келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек. Муну жалпы жарандык паспорт боюнча текшерүү оңой. Вирус бар деп шектелгендердин баарын изоляциялоо зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учакта 150 жүргүнчү болгон, бул каттам менен келгендердин арасынан кооптуу вирус аныкталган жок.

Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу обсервация жайына барды. Учурда мында эпидемиологиялык абал жакшы эмес ар кыл өлкөлөрдөн келген 122 адам бар. Алар текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган. Ошондон кийин гана алар өлкөгө өткөрүлөт.

«Мында алар коомго толук аралаштырылбаганы көрүнүп турат, аларга медициналык кызматкерлер гана киргизилет. Бардык анализдерди дыкат жүргүзүп, аларды күн сайын текшерүү кажет. Карантинге алынгандардын арасында вирус аныкталган жок, ошондуктан алардын айрымдары үйүнө коё берилди. Бирок дүйнөдө кырдаал начарлап жатат, силердин жоопкерчилигиңерден жана сактыгыңардан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көз каранды. Биз коронавирустун киришине жол бербешибиз керек, - деп кайрылды премьер-министр дарыгерлерге, - силер өтө чоң тобокелдикке карабай, өз ишиңерди ак ниеттүү аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем».

Мухаммедкалый Абылгазиев бардык өткөрмө жайларда көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле текшерүүчү кызматкерлерди тийиштүү гигиеналык жана коргоочу каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий