• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Разаков «Достук-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун модернизациялоону тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-майда, Ош облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги «Достук-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун ишин көзөмөлдөп, жеке курам жана мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандар менен пикир алышты.

Жеңиш Разаков өткөрүү пункттарынын ишин модернизациялоо, аларды заманбап жабдуу, ошондой эле жарандар жана чет элдик коноктор үчүн шарттарды жакшыртуу Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле вице-премьер-министр Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чектерин бекемдөө максатында «Достук-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун ишин ЕАЭБ талаптарына дал келтирүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Жеңиш Разаковго маалымдалгандай, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасын ишке ашыруу алкагында паспорттук көзөмөлдөө кабиналарынын санын жогорулатуу боюнча тийиштүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун модернизациялоону тездетүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Маданият-автодорожный» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Вице-премьер-министр товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө тыюу салуу боюнча иштерди күчтөндүрүү зарылдыгына басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий