• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кара-Сууда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8 га жер трансформацияланды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8 га жер трансформацияланды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан 8 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган (трансформацияланган).

Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт.

Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий