• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Пандемиянын экинчи толкуну боюнча маалыматтар айтылууда. Ошондуктан пайдубалы түптөлүп жаткан жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүткөрүү керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот», - деди Өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, медициналык жай Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Пайдубал түптөө иш-чарасынын алкагында Өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешти, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты.

Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий