• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

Коом 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск облусундагы КР Башкы консулдугуна келип түшкөн Новосибирск аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлүп, алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди. Аны менен бирге, бул каттам менен Иркутск, Сахалин, Томск облустарындагы жана Саха-Якутия республикасындагы мекендештер кайтып келишти.

Ошондой эле бул рейс менен Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 500 миң рублга барабар дары-дармектерден турган гуманитардык жардам келди.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий