• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку ылдамдык - оор кесепеттерге алып келет. ЖКККББ ылдамдыкты тандоо боюнча сунуш берет

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга коопсуз ылдамдыкты тандоо боюнча сунуш берет.

Ага ылайык, унаанын кыймылынын ылдамдыгын туура тандоо айдоочу үчүн эң маанилүү шарттардын бири болуп саналат. "Унаанын ылдамдыгы ар кандай болушу мүмкүн. Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына ылайык, айдоочу кыймылдын ылдамдыгын тандоодо жол эрежесинин шартына жана унаанын техникалык абалына, ошондой эле жолдордо унаалардын кыймылынын интенсивдүүлүгү, жолдун өзгөчөлүктөрү жана унаадагы жүктүн абалы жана салмагы, аба ырайы, метеорологиялык шарттары жана башка ушул сыяктуулардын баарын эске алуу менен ылдамдыкты тандоосу абзел",-деп айтылат маалыматта.

Кыймылдын ылдамдыгынын жогорулашы менен, айдоо процесси татаалдашат жана күч-кубат жана көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан бул кырсыка жол берет. Саатына 100 чакырым ылдамдыкта айдоодо, тажрыйбалуу айдоочулардын да жүрөк согуусу күчөп жогорулайт.

Мындан тышкары, ылдамдык канчалык жогору болсо, кырсыктын кесепеттери ошончолук оор болот. Демек, төмөн ылдамдыкта, жол коопсуздугун камсыз кылуу оңой. Бирок, көпчүлүк окуялар кыймылдын жогорку ылдамдыктарын эске албаганда, унаалардын техникалык абалынын туура келбестиги, жолдордун абалы жана айдоочунун тажрыйбалуулугу дагы себеп болот. Көптөгөн айдоочулар коопсуз ылдамдыкты туура тандоо керектигин билишпейт. Жасалган анализдердин жыйынтыгына ылайык, кыймылдын ылдамдыгынын ылдамдыктан ашып кетүү жана анын туура эмес тандоо адам өлүмүнө жана оор кесепеттерди алып келген кырсыктардын себеби болуп саналат.

Өзгөчө жогорку ылдамдыкта унаа башкарууну айрыкча, жаш тажрыйбасыз айдоочулардан көп байкайбыз.

Тажрыйбалуу айдоочу, биринчи кезекте, ылдамдыкты туура тандап, көбөйтүп кайра түшүрбөй, кайра-кайра тормуз тээп, анан ылдамдыкты жогорулатпай бир калыпта кыймылдайт. Мындай кыймыл режиминде айдоочу өзү жана жүргүнчүлөрдү дагы чарчабайт, күйүүчү майдын керектөөсүн азайтып, эң башкысы, кооптуу жагдайлардын ыктымалдыгын бир кыйла төмөндөтөт жана кырсыкка жол бербейт.

Белгилүү бир шартта кырсыксыз ылдамдык, унааны токтотуу мүмкүнчүлүгүнө жараша, айдоочу өзү тандай алат. Коопсуз ылдамдыкты тандоо кыймылдын интенсивдүүлүгүнө таасир этет.

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, транспорттун коопсуз ылдамдыгы кыймылдын агымынын орточо ылдамдыгына барабар же жакын ылдамдык. Эгерде унаа ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан жогору болсо жол кырсыгынын келип чыгуу себептери дагы ошончо эсе өсөт.

Жол кырсыктарына жасалган анализин карасак, жол кырсыктары жолдун кээ бир кыска бөлүктөрүндө кездешүүдө. Мындай кырсыкка дуушар болгон жерлерге, тактап айтканда, бурулуштар, көтөрүлүш, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жерлер, тар жерлер. Мындай жерлерден өтүүгө чектелген ылдамдык гана жол берилет.

Мындай жерлерде жаңы үйрөнчүк же тажыйырбасы жок айдоочу, чектөө жок деп жолдун шартын эске албастан катуу ылдамдыкты тандап алат. Мындай учурда ылдамдыкты кескин азайтуу керек, алардын мындай кыймыл-аракети кырсыкка кабылуу мүмкүнчүлүгүн жана коркунучту туудурат. Ошентип, жолдордун кайрылуу бөлүктөрүндө коркунуч туудурган жерлерде ылдамдыкты туура эмес тандоо жол кырсыктардын, тагыраак токтолгондо тоскоолдукту сүзүү, ала салып кетүү же башка унаа менен кагылышуу сыяктуу жол кырсыгынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

Жолдордун коркунуч туудурган кайрылуу жерлеринен катуу кайрылуу, унааны сүйрөп кетүү, жолдон чыгып кетүү коркунучун көбөйтүп жана кыймылдын ылдамдыгы жана тартылуу борборун өзгөрүү менен, ошончолук коопту абалга алып келет.

Айрым учурларда, айдоочу ылдамдыкта унаа башкарып бара жатып дагы, бурулуштарды кеч байкоо менен ошол жерден өтүп кетүү үчүн тез буруп кетүү аракетин жасоо менен руль башкаруудан ажыроо мүнкүнчүлүгү барат. Ар бир айдоочу бурулушка киргенде ылдамдыкты азайтып, тормуз теппестен, ага чейин ылдамдыкты азайтуу керек экенин эске тутуу керек. Эгер бурулуш татаал болсо кайрадан ылдамдыкты которуу керек болуп калат, ошол үчүн мындай кыймылды бурулуштун башынан эле тандап алуу керек. Бурулуштарда тормуз тебүү, ылдамдыкты которуу унааны жолдон чыгаруу же ала салдыруу
коркунучуна алып келет..

Жолдордо ашууларга чыгуу жана түшүү участоктору кырсыктардын олуттуу көлөмү менен мүнөздөлөт. Андан тышкары, жол кырсыктын дагы бир негизги себеби көп учурда жогору ылдамдык болот. Бул учурда коопчулук көтөрүлүп баратканга караганда, ылдый түшүүдө 1,5-3 эсе көп экендиги мүнөздүү. Көтөрүлгөнгө караганда, ылыйга түшүүдө көбүрөөк коркунучтун, тормозду ыкчам басуу, тормоз жолунун узарышына алып келет.

Айдоочу жогорку ылдамдыктагы режимдерди тандоодо жол эрежелеринин талаптарын так аткарууга тийиш, тиешелүү жол белгилеринин, ошондой эле техникалык мүнөздөмөсү менен аныкталган кыймылдын ылдамдыгынан ашпашы керек.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган унаа каражаттарынын айдоочулары үчүн Бузуулар кодексине ылайык, саатына 10дон 20 чакырымга чейинки ылдамдыкты ашырса, 1- категориядагы, саатына 20-40 чакырым ылдамдыгын ашырса 2- категориядагы, саатына 40 чакырымдан ашык ылдамдыкты ашырса, 3- категориядагы, саатына 60 чакырымдан ашык ылдамдыкта 4 категориянын айып салынаарын ар бир айдоочу билиш керек.

Пикир

Оставить комментарий