• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте абанын температурасы +47 болуп жатабы? Кыргызгидрометтин жообу

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Бишкектин жашоочулары социалдык тармактарда термометрдин көрсөткүчү +47 градусту көрсөткөн сүрөттү активдүү бөлүшө башташты.

Кыргызгидромет агенттикке билдиргендей, унаадагы, дубалдардагы жеке термометрлер аны кармоо шартына байланыштуу жогорку температуна көрсөтүшү мүмкүн, анткени дубалдар жана унаалар ысык тартат.

Метеорологдор абанын температурасын ченөө үчүн термометрлерди ысыбаган жыгач устундарда колдонушат.

Кыргызгидромет бүгүн Бишкекте +40 болорун, 3 сааттан 6 саатка чейинки аралыкта абанын температурасы +41ге чейин жетерин белгиледи.

«Рекорддук температура 1983-жылы 16-июлда катталган, анда термометрдин көрсөткүчү +42,3 градусту көрсөткөн. Аталган рекорддук температура жаңылана элек. Ошондой эле 2018 жана 2019-жылдары дагы Бишкекте +41градус катталган»,-деп белгиледи метерология кызматынан.

Ошондой эле ведомвтодон аномалдуу ысык аба ырайы эртеңден баштап аптанын аягында +33гө чейин төмөндөй турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий