• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө аялдын үйүнөн дээрлик 9 кг гашиш табылды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Чүй облусунда аялдын үйүнөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) белгилери менен катталган.

Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 42 жаштагы Р.Н. аттуу аял кармалган. Шектүүнүн жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш баңгизаты алынган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий