• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы аялын бычактаган адам эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.23./Кабар/. Мурдагы аялын бычактаган адам 2023-жылдын 20-ноябрына чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Сокулук райондук соту кабыл алды.

Эске сала кетсек, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Биринчиси 2022-жылдын сентябрында, экинчиси 2023-жылдын 31-январында.

Пикир

Оставить комментарий