• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Күн мурун бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган. Биринчиси 2022-жылдын сентябрында, экинчиси 2023-жылдын 31-январында. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына таянсак, кулак-мурду кесилди делген аял тууралуу билдирүү 20-сентябрда таңкы саат 07:00дө түшкөн. Жабырлануучунун коңшусу милициягы чалып, батирде ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган.

Сокулук райондук милициясынын эки кызматкери 15 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге барып, батирдин ичи кан болуп жаткандыгын көрүшкөн. Окуяга шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн, бирок көп өтпөй кармалып, Күн-Туу айылдык милициясынын бөлүмчөсүнө жеткирилген.

Жабырлануучу аялды милиционерлер Тез жардам унаасын күтпөстөн кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен. Ага дарыгерлер дээрлик 8 сааттай операция жасашты. Учурда абалы орточо оор деп бааланууда. Жабырлануучу реанимация бөлүмүнөн бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө которулган, медиктердин көзөмөлүндө болууда.

Чүй облустук милициясынын билдирүүсүндө айтылгандай, шектүү менен жабырлануучу ажырашкан.

36 жаштагы жабырлануучу аял биринчи жолу 2022-жылдын сентябрында милицияга арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. 31-августта Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголган. Окуяга шектүү делген 1984-жылы туулган Э.А. кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Аял 2023-жылдын 31-январында экинчи ирет милицияга арыз жазып, үйүндө күч колдонуп зордуктаган мурдагы жолдошуна карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча шектүү кармалып, кылмыш иши Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Сокулук райондук соту шектүү А.Э. карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө наарызы болгон айыпталуучу Чүй облустук сотко даттанган.

Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий