• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлигинин аймактардагы мекемелери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аймактык мекемелер тиешелүү жабдуулар жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактардагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 50 даана заманбап компьютер, 97 даана принтер ошондой эле ноутбук, проектор, интерактивдик панель/доска, сканер, телевизор, IP камера, видеокаттоочу аппарат, процессор жана башка бир топ керектелүүчү жабдуулар берилди.

Аталган каражаттар министликке караштуу балдар музыкалык мектептерине, райондук китепканаларга, музейлерге ошондой эле “Кыргыз Маданият Сервис”, “Кыргызреставрация” мамлекеттик ишканаларына жана Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекттик жаш көрүүчүлөр тетарына жана К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрына тапшырылды.

Мындан тышкары, жогорку, орто кесиптик билим берүү мекемелерине, балдар музыкалык жана искусство мектептерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине зарыл болгон 60 миңге жакын окуу-усулдук колдонмолор жана китептер, окуу процессине ылайыктуу окуу журналдары таратылып берилди.

Тиешелүү жабдуулар жана окуу куралдары президенттин жана министрлер кабинетинин маданият жана искусство чөйрөсүн кошумча колдоого бөлүгөн акча каражаттын эсебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий