• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп окуучулары жазгы каникулда 11 күн эс алышат

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Мектеп окуучулары үчүн жазгы каникул план боюнча 21-марттан 30-мартка чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 2016-2017-окуу жылына карата базистик окуу планына ылайык, жазгы каникул 10 күндү түзөт – 21-марттан 30-мартка чейин”,-деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Муну менен катар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү ведомство менен макулдашып, карантинге жабылган мектептердин окуу графигин аныктоосу керек.

“Бирок, Кыргызстанда 20-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу дем алыш күн деп жарыяланганына байланыштуу мектеп окуучулары 20-марттан баштап эс алышат”,-деп түшүндүрдү басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун токтомуна ылайык, 21-мартта Нооруз элдик майрамын майрамдоого байланыштуу 2017-жылы 20-марттагы жумушчу күнү жумасына 5 күн иштеп, 2 күн эс алган уюм, мекеме, жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 25-март – жумушчу эмес күнүнө жылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий