• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз кум ташыгандар жазаланды

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын инспекторлору тарабынан дарыя нугун буруп, мыйзамсыз кум-шагыл ташыган жарандардын ишмердүүлүгүн токтотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш аракеттердин негизинде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Араван районунун Араван-Сай дарыясынын жээгинде, Ураимов Канахат аттуу жаранды, атайын “Самсунг” үлгүсүндөгү экскаватору менен 14 оор жүк ташуучу унаага кумду ээлеп, унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалды.

“Мыйзамсыз кум-шагыл казуунун айынан жергиликтүү айылдын тургундары көптөн бери жабыркап келет. Маселен мыйзамсыз кум казуудан дарыянын нугу бурулуп, дарыяга жакын жайгашкан үйлөрдү, эгин талааларды суу каптап турат. Ошондой эле, дарыянын жээгинде өсүмдүктөр түбү менен жулунуп, агып экологиялык орду толгус коркунучтарды жаратып жатат. Жеринде инспекторлору тарабынан мыйзамсыз иштер токтотулуп, аталган жеке ишкерге 18 000 сом айып салынып, мыйзамсыз кум казууну кайталоодо кандай катуу чаралар көрүлөөрү түшүндүрүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция тарабынан жарандардын, экологиянын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мыйзамсыз кум-шагыл ташыгандарды алдын алуу боюнча ар убак текшерүүлөр өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий