• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 170тен ашык медицина жана билим берүү мекемесине жылуулук берилди

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Бишкекте (4-ноябрь саат 13:00гө карата) 171 (202нин ичинен) медицина жана билим берүү мекемесине жана 1895 турак үйгө (1983түн ичинен) жылуулук берилди. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан билдиришти.

Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштаган.

Мындан мурдараак "Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан белгилешкендей, шаардагы баардык объекттерди жылуулукка кошуу бир нече күн созулат. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин жылуулук, карызы жок турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге берилет. Ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук акыркы болуп берилет.

Жылуулук келбесе же авария болгон учурда төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору –(0312) 61-11-69 же 1980;
Борбордук райондун нөөмөт инженерлери – 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк районунун нөөмөт инженерлери –51-06-22, 21-74-06;
Диспетчердик кызмат – 56-85-58.

Пикир

Оставить комментарий