• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мектептер апта аягына чейин онлайн окуй турган болду

Коом 0

Бишкек, 13.12.23./Кабар/. Бишкектеги мектептер 13-15-декабрда онлайн окутууга өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бала бакчалар штаттык режимде иштей берет, бирок балдардын каалоосу боюнча үйдө калтырса болот.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия 13-14-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы мектептер онлайн окутууга өткөндүгүн кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий