• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин жолдоруна 955 тонна туз чачылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте кар тазалоо иштери уланып, бүгүнкү күндө 955 тонна техникалык туз чачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, түнкү нөөмөткө Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын 18 жумушчусу, 16 даана атайын техника чыкты.

Автобус аялдамаларын жана жол боюндагы тротуарларды кардан тазалоого 644 көчө тазалоочу, 35 даана атайын техника менен 120 жүктөгүч тартылган.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий