• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмок шаарынын бюджетинде 10,3 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2022-жылга карата Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 10 млн 326,6 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 9 919,0 миң сом, анын ичинде:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -2 620,9 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 645,9 миң сом;

- эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 6 652,2 миң сом;

Бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 263,4 миң сом, анын ичинде:

- салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 87,2 миң сом;

- бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 176,2 миң сом.

- Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 144,2 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -1 870,6 миң сом, анын ичинде:

- эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 493,7 миң сом;

- бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 376,9 миң сом;

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2,4 миң сом, анын ичинде:

- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 2,4 миң сом.

- Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 240,3 миң сом.

Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн Токмок шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилген.

Ошондой эле Коллегиянын чечиминин негизинде, мурдагы аудиттин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктун аткарылбагандыгына байланыштуу, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын объектилери боюнча подрядчылар тарабынан иштердин наркынын 391,9 миң сом суммасында жогорулатылышын боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий